Valyuta UZS
  • USD

    12 149.847.74

  • EUR

    14 003.91-76.07

  • RUB

    151.100.57

+24C

+24C

  • O'z
  • Ўз
O'zbekiston
  • Siyosat
  • Sport
  • Jamiyat
  • Iqtisod
Xorij
  • Iqtisod
  • Siyosat
Интервью
  • Madaniyat va ma'rifat
Kutubxona
  • Adabiyot
  • Ilmiy ishlar
  • Maqolalar
  • Kasaba faollari uchun qo’llanmalar
Boshqalar
  • Suratlar so‘zlaganda...
  • Kolumnistlar
  • Arxiv
  • O'zbekiston jurnalistlari

Toshkent Shahar

+24c

  • Hozir

    +24 C

  • 17:00

    +23 C

  • 18:00

    +23 C

  • 19:00

    +21 C

  • 20:00

    +19 C

  • 21:00

    +17 C

  • 22:00

    +17 C

  • 23:00

    +16 C

  • O'z
  • Ўз

Telefon raqamingizni kiritng

Tasdiqlash kodini SMS orqali yuboramiz

Kirish

Toshkent

Toshkent Shahar

Yakshanba, 05-April

+24C

  • Hozir

    +24 C

  • 17:00

    +23 C

  • 18:00

    +23 C

  • 19:00

    +21 C

  • 20:00

    +19 C

  • 21:00

    +17 C

  • 22:00

    +17 C

  • 23:00

    +16 C

  • Yakshanba, 05

    +24 +20

  • Dushanba, 06

    +24 +20

  • Seshanba, 07

    +14 +20

  • Chorshanba, 08

    +17 +20

  • Payshanba, 09

    +20 +20

  • Juma, 10

    +23 +20

  • Shanba, 11

    +22 +20

  • Yakshanba, 12

    +22 +20

Hududlar

  • Toshkent Shahar
  • Andijon
  • Namangan
  • Sirdaryo
  • Surxandaryo
  • Qashqadaryo
  • Xorazm
  • Navoiy
  • Buxoro
  • Qoraqaplog’iston
  • Farg’ona
  • Toshkent vil.
  • Jizzax

Өзбекстан Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлис Сенатынын мүчөсү Кудратилла Рафиковдун “Кесиптик кошуундардын басылмалары трансформация шарттарында: конвергенцияга жол” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциядагы сөзү

Siyosat
30 11:45 | 03.04.2026 11:45



Саламатсыздарбы,


Урматтуу жыйын катышуучулары!
Кымбаттуу коноктор!
Ардактуу ардагерлер, журналисттер, медиа тармагынын өкүлдөрү, окумуштуулар жана өнөктөштөр!


Эң оболу, баарыңарды Өзбекстан Кесиптик кошуундар федерациясынын демилгеси менен жарык көрүп келаткан “Ishonch” гезитинин 35 жылдыгына арналган эларалык илимий-тажрыйбалык конференция менен чын жүрөктөн куттуктайм.


Силерди ушул абройлуу жыйында көрүп турганыма абдан кубанычтамын.


Бүгүн өлкөбүздө Өзбекстан Республикасынын Президенти, урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёевдин жетекчилиги менен сөз жана маалымат эркиндиги, ачыктык, коомчулук менен диалог, адамдын кадыр-баркын даңазалоо сыяктуу принциптер турмушубуздун маанилүү өлчөмүнө айланып баратат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон мамиле да түп-тамырынан өзгөрдү. Бул өзгөрүүлөр, албетте, басма сөзгө кең мүмкүнчүлүктөр, алменен катар чоң жоопкерчилик да жүктөйт.


Бүгүнкү жыйынды өлкөбүздөгү ушундай жаңылануулардын логикалык уландысы десек, аша чапкандык болбойт.


Ошол эле учурда, урматтуу Президентибиздин 2025-жылдын 17-октябрында кесиптик кошуундардын өкүлдөрү менен жолугушууда айткан төмөнкү сөздөрү биз үчүн негизги багыт болуп кызмат кылат:


“Маалымат-коммуникация технологиялары тез өнүгүп жаткан азыркы шартта адамдарга ишенимдүү маалыматты өз убагында, так жеткирүү өтө маанилүү.
Кесиптик кошуундарда буга мүмкүнчүлүк да, шарт да, дарамет да жетиштүү.


Кең аудиторияга ээ болгон кесиптик кошуундар адал жана берилип эмгектенүүнү даңазалоо, ошондой эле эмгек мамилелеринде мыйзамдуулукту камсыздоого байланышкан маалыматтарды коомчулукка алгачкылардан болуп жеткирип турууга тийиш”


Бул ойлор кесиптик кошуундар системасынын алдында так жана актуалдуу милдеттерди коёт. Башкача айтканда, биз жөн гана эмгекчилердин укугун коргогон түзүм эмес, биз ишенимдүү сөздүн, ак ниет мамиленин жана коом алдындагы жоопкерчиликтин алып жүрүүчүлөрүбүз.


Айрыкча, бүгүнкү жыйында өлкөбүздүн маалымат, медиа, коомчулук жана мамлекеттик башкаруу тармагында жогорку абройго ээ коноктордун катышып жатканы баарыбыз үчүн кубанычтуу.


Анткени бүгүнкү диалог басма сөз, санарип технологиялар, адам укуктары, адабият, парламент жана жарандык коомду бириктирген маанилүү маселелерди камтыйт.


Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Азербайжан жана Түркиядан келген конокторубузду да чын дилден куттуктайм. Алардын катышуусу менен бул жыйын жөн гана юбилей эмес, тажрыйба алмашуу, пикирлерди жакындаштыруу жана кесиптик кошуундардын басылмаларынын келечеги тууралуу биргелешип ойлонуу аянтчасына айланып жатат.


Урматтуу катышуучулар!


Бүгүнкү жыйын “Ishonch” гезити үчүн гана эмес, бүтүндөй кесиптик кошуундар кыймылы, улуттук басма сөз жана коомдук пикирдин өнүгүшү үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Анткени биз жөн гана датаны белгилебей, ишенимди, сөз жоопкерчилигин жана эмгекти даңазалап жатабыз.


Белгилүү болгондой, “Ishonch” гезитинин биринчи саны 1991-жылдын 21-мартында чыккан. Ошондон бери 5500дөн ашуун саны окурмандарга жетти. Бул сандардын артында көп жылдык эмгек, редакциянын тажрыйбасы жана эң башкысы — окурмандардын ишеними турат.


Бүгүн “Ishonch” жана “Ishonch-Доверие” басылмалары өлкөбүздүн коомдук-саясий жана руханий жашоосун чагылдырган, эмгекчилердин укуктары жана кызыкчылыктары тууралуу маселелерди көтөргөн маанилүү басылмалар катары таанылган.


Гезиттердин жалпы тиражы 37 500 нускага жетип, социалдык тармактардагы аудиториясы 250 миңге жакындаганы алардын таасирдүү экенин көрсөтөт. Бул болсо редакцияга дагы чоң жоопкерчилик жүктөйт.


Акыркы жылдары редакцияда бир катар жаңылануулар болду: медиаборбор түзүлдү, социалдык тармактар активдешти, гезитти аймактарда басып чыгаруу жана тез жеткирүү системасы жолго коюлду. Ошондой эле эң мыкты макалалардын негизинде китеп чыгаруу салты калыптанды.


Бирок ачык айтууга туура келет, конвергенция процесси али толук калыптана элек. Ал жаңыдан системалуу нукка түшүүдө. Бүгүнкү жыйын дал ушул маселелерди талкуулоого шарт түзөт.


Урматтуу катышуучулар!


Кесиптик кошуундар — бул биринчи кезекте адамдын кызыкчылыгы. Демек, алардын басылмалары да адамдын кадыр-баркын, эмгек укуктарын, социалдык коргоону жана адилеттүүлүктү чагылдырууга тийиш.


Ошондуктан “Ishonch” жана “Ishonch-Доверие” жөн гана маалымат булагы эмес, эмгекчилердин үнүн жеткирген аянт болуп саналат.


Бүгүнкү конференциянын темасы да бекеринен тандалган эмес. Анткени заман өзгөрүп жатат, аудитория өзгөрүп жатат, маалыматты кабыл алуу формалары жаңыланууда.


Азыр гезит — бул жөн гана кагаз эмес, ал сайт, видео, Telegram, YouTube, Instagram сыяктуу платформалар менен бириккен заманбап медиа мейкиндиктин бөлүгү.


Бул жагынан алып караганда, бүгүнкү жыйын тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты күчөтүү үчүн маанилүү аянт, болуп саналат.


Биз Борбор Азия, Түркия жана Азербайжандан келген өнөктөштөрдүн катышуусун жогору баалайбыз. Бул диалог медиа тармагындагы кызматташууну дагы бекемдейт деп ишенебиз.


Кымбаттуу достор!


Ар бир жетишкендиктин артында адамдын эмгеги турат. Бүгүнкү майрам — ушул басылмалардын өнүгүшүнө салым кошкон бардык кызматкерлердин майрамы.


Биз коомдогу окуяларды терең түшүндүрүп, элге жеткирген журналисттерге ыраазычылык билдиребиз.


Бүгүн редакция кызматкерлери жана тармакка салым кошкондор сыйланат. Бул — эмгекке болгон урматтын белгиси.


Урматтуу катышуучулар!


Биз 35 жылдык тарыхка таянып, келечекти да ойлошубуз керек. Негизги максат — басылмаларды жаңы деңгээлге чыгаруу, алардын таасирин күчөтүү, санарип мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуу жана жаш аудитория менен иштөөнү жакшыртуу.


Бизге салт менен жаңыланууну айкалыштырган, сөз эркиндиги менен жоопкерчиликтин тең салмагын сактаган медиа керек.


“Ishonch” жана “Ishonch-Доверие” ушул багытта өнүгүп жатат. Бул аракеттерди дагы күчөтүү — баарыбыздын милдетибиз.


Ишенем, бүгүнкү конференция жаңы идеяларга жана кызматташууларга жол ачат.


Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Ishonch” жана “Ishonch-Доверие” жамаатын, алардын окурмандарын жана бардык өнөктөштөрдү дагы бир жолу куттуктайм.


Баарыңыздарга чың ден соолук, ийгилик жана шыктануу каалайм.


Бул басылмалар эл менен диалогдун, чындыктын жана адилеттиктин аянтчасы болуп кала берсин.


Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!



Izoh qoldirish
Jo‘natish
Maqolaga baho bering
0/5

0

0

0

0

0

Maqolaga baho bering
0/5

0

0

0

0

0

Mavzuga oid

Siyosat
Quyoshni to'sib qo'ymang!
0 2570 11:30 | 13.09.2023