Валюта UZS
  • USD

    12 634.34-18.98

  • EUR

    14 821.34-0.76

  • RUB

    162.370.48

+37C

+37C

  • O'z
  • Ўз
Ўзбекистон
  • Сиёсат
  • Спорт
  • Жамият
  • Иқтисод
Хориж
  • Иқтисод
  • Сиёсат
Интервью
  • Маданият ва маърифат
Кутубхона
  • Адабиёт
  • Илмий ишлар
  • Мақолалар
  • Касаба фаоллари учун қўлланмалар
Бошқалар
  • Янги Ўзбекистон суратлари
  • Колумнистлар
  • Архив
  • Ўзбекистон журналистлари

Toshkent Shahar

+37c

  • Hozir

    +37 C

  • 17:00

    +36 C

  • 18:00

    +36 C

  • 19:00

    +34 C

  • 20:00

    +30 C

  • 21:00

    +27 C

  • 22:00

    +26 C

  • 23:00

    +25 C

  • O'z
  • Ўз

Telefon raqamingizni kiritng

Tasdiqlash kodini SMS orqali yuboramiz

Кириш

Toshkent

Toshkent Shahar

Yakshanba, 13-July

+37C

  • Hozir

    +37 C

  • 17:00

    +36 C

  • 18:00

    +36 C

  • 19:00

    +34 C

  • 20:00

    +30 C

  • 21:00

    +27 C

  • 22:00

    +26 C

  • 23:00

    +25 C

  • Yakshanba, 13

    +37 +20

  • Dushanba, 14

    +38 +20

  • Seshanba, 15

    +37 +20

  • Chorshanba, 16

    +38 +20

  • Payshanba, 17

    +41 +20

  • Juma, 18

    +42 +20

  • Shanba, 19

    +43 +20

  • Yakshanba, 20

    +41 +20

Hududlar

  • Toshkent Shahar
  • Andijon
  • Namangan
  • Sirdaryo
  • Surxandaryo
  • Qashqadaryo
  • Xorazm
  • Navoiy
  • Buxoro
  • Qoraqaplog’iston
  • Farg’ona
  • Toshkent vil.
  • Jizzax

ТАРЫХ СЫНООЛОРУНАН ӨТКӨН ЧЫҢДЫК

өзбек менен кыргызды эч ким, эч кандай күч бири-биринен айыра албайт
Сиёсат
249 01:22 | 12.07.2025 01:22

1


Эки турк эли – өзбек менен кыргыз достугу жөнүндө сөз болгондо көпчүлүк достук бай­ланыштарыбызды белгилөөчү мисал бул күндөрүбүздө жоктой, алыс өтмүштү кыдырууга түшүп кетет. Туура, жакын тарыхта ар кандай окуялар күзөтүлдү, натыйжада бул эки элдин боордоштугу жөнүндө сүйлөштүн өзү орунсуз болуп калган эле. Бирок тарых дегени миң жылдардан бери бирге жашап келе жаткан коңшу элдердин мурдагы түзүм убагындагы түшүнүксуз пикирлерден турбайт.



Ооба, кечеги алатаасир күндөрүбүз бүгүнкү тарыхтын кара бир көлөнкөсү болуп калды. Бирок улуу өтмүш жана бийик келечек алдында бул эмне деген сөз?! Кала берсе, биз көргөн тоскоолдуктар, капачылык, өз ара ишенимсиздик эмне себептен болгону, бул иштер артында кандай күчтөр турганы, алардын максаттары кандай экендигин өтө жакшы байкадык. Бул – өтө маанилүү фактор. Анткени, элдер өзүнүн кимдигин, өздүгүн билбесе, аңдай албаса, мындан жаманы жок. Бирок ата-бабалардан калган бир эскерме бар, айыпты жалаң гана четтен кыдыруу да адилеттүүлүккө жатпайт.



Маселеге ушул көз караш менен көңүл бурсак, мамилелерибиздин солгундашуусунда биздин да «салымыбыз» бардыгын көрөбүз. Кээ бир сынчылар өз ара мамилелердин солгундашында ар эки тарпаптын саясый элиталары демилге көрсөтүшкөнүн айтышат. Мисалы, кыргызыстандык саясатчы Эмилбек Жороев бир макаласында 2016 жылга чейин эки мамлекет ортосундагы байланыштардын токтоп калгандыгы артында ортодогу келишпестик узак созулганы, бардык түрдөгү мамилелер жүзөкү болгонун жазат. Анын пикиринче, кээ бир орундарда жогорку жетекчилер ортосундагы бир-бирин ачыктан-ачык жактырбастык, туура эмес баянаттар берүү абалдын оорлашуусуна алып келди…


Эми бир ой жүгүртүп көрөлү, тили, дини, маданияты, тарыхы жана тагдыры бир болгон эки эл, коңшу мамлекеттер качанга чейин ушундай жашоосу мүмкүн эле, анан дагы, мындан кимге пайда, кимге зыян эле?


Азыр бул жөнүндө сөз айтмакчы эмесмин. Мен бир илимпоз, далай жылдардан бери саясат менен байланыштуу инсан катары өзбек жана кыргыз элдеринин бири-бирине болгон мээрими, туруктуулугу жөнүндө сүйлөмөкчүмүн. Элдерибиздин ортосунда ушундай ак көңүлдүлүк бар, бул боордоштук бизди бир-бирибизге ар дайым байланыштырып турат. Менин өзгөрбөс пикирим ушул – өзбек менен кыргызды эч ким, эч кандай күч бири-биринен ажырата албайт. Бул – тарыхтын сыноосунан өткөн чыңдык!



Мындай абалдардын пайда болушунун, албетте, себептери бар. Жакын өтмүштөгү «Кайра куруу», «Ачыктык«, деп аталган иштерди бүгүн бардык эле адамдар эстей бербейт. Мурдагы түзүмдүн талкаланышы убагындагы «империя далбасалыгы» улуттук республикалар элдеринин башына өтө көп кыйынчылыктарды келтирди. Атап айтсак, өзбекстанда ушул замандарда «өзбек иши», «пахта иши» деген айыптоолор менен миңдеген адамдар репрессия кылынды, доомат жана жамандыктар уюштурулуп, биздин улутту жаман аттуу кылууга ачык­часына бел байлашты.


Эч эсимден чыкпайт, дал ошол жылдары мурдагы борбордун саясий жарчысы болгон «Правда» газетасында (1988 жыл 13 февраль) дүйнөгө атактуу болгон жазуучу Чыңгыз Айматовтун «Кайра куруу, ашкерелик – амандык дарагы» («Перестройка, гластность – дерево выжывания») макаласы басылды. Макаланын мазмунуна ылайык, мурунку борбор тарабынан сыгымга, саясый репрессияга тартылган Өзбекстан жана өзбек эли коргоосуна каратылган эле. Анда Айтматов ушундай деген:


«Өзбек элинин мамлекет үчүн кылган эмгектерин бир-бир санай берсек, булардын баары башыбызды ийип таазим этишибизге арзыйт. Өзбек маданиятынын Орто Азияга тийгизген таасирин улуу Византия байыркы Руська көрсөткөн таасири менен теңдештиришибиз мүмкүн. Советке чейин болгон доорлордо жана совет доорунда да Өзбекстан биздин Чыгыштагы сөзүбүз жана жүзүбүз болуп келди. Жок, өзбек элинин таза жүзүнө эч нерсе так түшүрө албайт!..».


Дал ушул сөздөр өзбек басмасы жана адабиятында макалалар, илимий иштер жана көркөм чыгармаларда өтө көп жолу сыймык менен тилге алынып келген. Бирок мындай жаркын сөздөр канча даңазаланбасын, маанисин жоготпойт, баасы төмөндөбөйт.



2


Сөзүмдүн башында эле айтканымдай, мен бул жолу глобал маселелер эмес, жөнөкөй адамгерчилик, инсандык, чынчылдык, коңшулардын бири-бирине болгон мээрими, ачык жүздүүлүгү ортодогу абалды кандай өзгөртүрүп жибериши жөнүндө кеп кылмакчымын. Атап айтсак, азыркы абал – бүгүнкү эки эл, эки мамлекет турмушунда күзөтүлүп жаткан достук мамилелеринин эң улуусу.


Президент Шавкат Мирзиёев иш баштаган алгачкы жылдарда Жызак облусу Достук районундагы Манас айылын абад кылууга киришкенине көпчүлүк таң калган, «Өзүбүздүн кыштактарыбыздан мурда, эмне үчүн Манас жайлу кылынышы керек» дегендер да болгон. Негизинен этникалык кыргыздар жашоочу бул айыл узак жылдар «көз жаздымында» калып кеткени баарбызга белгилүү эле. Шавкат Мирзиёевдин бүткүл мамлекет бойлой кулач жайган «Абад кыштак» программасы эмне үчүн ал жактан башталгандыгын бүгүн көпчүлүк түшүнүп жетти. Өзбекстандын жаңы жетекчиси бул демилгеси менен «Биз бир элбиз, биздин тамырыбыз бир» деген чыңдыкты баса белгиледи. Айтсак, совет мезгилинде негизделген улуттук айырмачылык кандай саясат болгондугун бүгүн баардыгыбыз жакшы түшүнөбүз.



Айтсак, өзбек-кыргыз – жалпы аймагыбыз элдеринин тек гана ашкана маданияты бири-бирин байланыштырбайт. Эки эл тагдырынын уйкаштыгын, эт менен тыр­мактай бир экенин дагы бир мисал менен далилдеп кетели. Мисалы, ишсиздик жана мигранттар маселеси... Билебиз, бул маселенин соңку 25 жыл бою бир гана чечими эмгек миграциясы болду. Мындан да оору чек аралар жана транс чек аралар, дарыялар айланасындагы маселелер эле. Алар өтө кыйын, узак жылдардан бери чечимин таппай созулган жумуштар эле.



Жылдан жылга кыйындашып бара жаткан, эки тарапты да барган сайын өзүнүн ичине тартып бара жаткандай бул «кара түтүктүн» оозун бизге ким жаап, меселени ким чечип берет эле? Эч ким! Бул үчүн биринчи кезекте аймактагы социалдык турмушту өзгөртүү керек болчу.


Ушундай кыйын мезгилде Шавкат Мирзиёевдин алгачкы коркпос кадамдары – чек ара, суу бассейндери жана дарыялардан пайдалануу, ошондой эле экономикалык, маданий тармактардагы чоң көлөмдөгү өзгөрүүлөр, өз ара мамилелерде тынчтык жана ар тараптан жакшыланунун табылбас көргөзмөсү иретинде көпчүлүктү таң калтырганы бар сөз. Айтылган сөз тастыгы менен болушу үчүн мисалдар келтиремин: Кыргызстанда 2016 жылы, башкача айтканда, өзгөрүүлөргө чейин болгон доордо өткөрүлгөн социалдык суроолордо катышуучу респонденттер Өзбекстанды эң дос эмес мамлекеттерден бири, деп эсептеген болсо, 2017 жылкы суроолордо эң жакын дос мамлекеттерден бири экендигин айтышкан. Өз ара байланыштардын мындай тез жакшыланышы жалаң гана элдерибиз, эл аралык коомчулук, жергиликтүү саясатчылар, эркин эксперттердин да көңүлүн тартты. Мисалы, жогоруда атын келтиргенибиз кыргызстандык эксперт Эмилбек Жороев өз макаласында мындай жазат:


«2024 жыл 18-19 июль күндөрү Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик визит менен келди. Эки мамлекет жетекчилери жана башка катышуучулар келишимдердин түрдүү багыттарына тийиштүү 16 документке кол коюшту, өңүгүүнүн эң керектүү азыркы кездеги турмуш зарылчылыктарын белгилеп алышты.


Кыргыз басмасы Президент Шавкат Мирзиёевдин эки мамлекет мамилелериндеги конструктивизм принцибин (win-win) ачык-айкын белгилеген, «Бизге күчтүү жана өңүккөн коңшу – Кыргызстан керек», деген сөздөрү жөнүндө жазды. Бул – жөнөкөй меймандостук же урмат белгиси эмес, эки боордош мамлекеттин чыныгы достук мамилелери тастыгы иретинде кабыл алынды. Бир мамлекеттин гүлдөп-жайнашы жана өңүгүшүнө ага коңшу журтта да ушундай шарттер болгондо гана жетишүү мүмкүн».


3


Эмилбек Жороев Президент Шавкат Мирзиёевдин «Бизге күчтүү жана гүлдөгөн өлкө – Кыргызстан керек» деген сөзү кыргыз басылмаларынын баш макаласына айланганын айтып, бир чындыкты тастыктады. Ооба, бул өзбек Лидеринин жүрөгүнөн каалаган, жүрөгүндө күйгөн ниети болчу. Бул күчтүү каалоо ачык айтылбаса да, Манас айылын өнүктүрө баштаганда бүчүр ачкан эле.



Жогоруда эл аралык республика институту тарабынан 2017 жылы Кыргызс­танда өткөрүлгөн калктын социалдык пикири суроосунда боордошторубуз Өзбекстанды эң дос мамлекет деп баалаганын 2024 жылкы Олимпиада оюндарында да көрүп өтө кубандым. Эки кандаш эл бири-биринин спортчуларын дал өзүнүкүндөй колдоп-кубатташты, жардам беришти. Ошондо анык көрдүм – достук жана биримдик элдерибиздин тамырларында, тагдырыбызда бар экенин өтө терең байкадык.


4


Албетте, бул сыяктуу абалдар өз-өзүнөн боло бербейт. Мындай тарыхый миссияларды ишке ашыра турган инсандар болот. Тагдыр элдерибиздин бактына ушундай лидерлерди берди. Бири-бирин агам, иним деп мамиле жүрүтүп жаткан Шавкат Мирзияев жана Садыр Жапаров­торго мындан башка жана кандай баа бериш мүмкүн?!


Бир замандарда «сен зорбу, мен зор» иретиндеги «биримдиктер»ден бүт кечкен эки жетекчи мамлекеттерибиздин гүлдөп жайнашына, жакын кошуначылык байланыштарын бекемделешин фундаментин жаратышты десем жаңылышпайм. Эн негизгиси, өз ара урмат, кеңешүү жана жөнөкөйлүк мамилелерибизди дагы да бекемдейт.



Мен элдерибиздин саясий турмушун узак жылдардан бери күзөтүп келемин жана бул мезгилде илгери болбогон бир назик маселе көңүлүмдү тартат: бизде коңшу мамлекттер жетекчилери бири-бири жөнүндө өтө кем абалдарда жылуу пикирлер билдирген. Айтылган сөздөр көбүнчө саясат же протокол үчүн болгон. Мирзияев менен Жапаров ортосундагы мамилелерди болсо ага-ини ортосундагы боордоштук мамилеси десек болот. Мисалы, ушул 2025 жыл башында Садыр Жапаров Өзбекстанга келди. Журналисттерибиз «расмий» деп баяндаган бул визит борбор – Ташкент же мамлекетибиздин башка чоң шаарларына эмес, Ташкент областынын Бостандык районундагы «Амирсай» курорттук зонасына болду. Бул жерде эки мамлекет жетекчилери жөнөкөй адамдардай, башкача айтканда «саясый штрихтерсиз» отуруп маектешкендиктерин чагылдыруучу сурөттөр ошол күнү басма жана социалдык тармактарда жарыяланды. «Галстуксуз жолугушу» жөнүндө ар эки мамлекет коомчулугунда, коомдо кызыгуу менен сөз жүрүтүштү. Себеби, биз мындай «визиттерди» көрбөгөн элек, көзүбүз үйрөнбөгөн эле …


5


2021 жыл 28 январда «Би-би-си»нин кыргыз кызматы Садыр Жапаров менен маектешти. Корреспонденттин «Кыргызстанда саясый башкаруу формасы аламашусунда сиздин Президенттик «жөндөмдүүлүгүңүз» авторитардык башкарууга айланып кетпейт деп күбөлүк бере аласызбы» деген суроого жооп берип жатып, Садыр Жапаров өз пикир жана караштарын бүгүнкү Өзбекстан жана анын жетекчиси Шавкат Мирзиёев жүргүзгөн, алып бара жаткан саясаты мисалында түшүндүрүүгө аракет кылды:


– Бул ар бир адамдын өзүнө байланыштуу – деди ал. – Менде авторитардык башкарууну орнотомун деген ниет жок, андай болбойт да. Буга күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет. Убагы келсе, мунун тастыгын көрсөтөр. Биз мыйзамчылык, адилет диктатурасын орнотууга ылайыктуубуз. Кудай буюрса, муну орнотобуз. Буга мисал иретинде коңшу Өзбекстанды айтышым мүмкүн. Ал жерде өткөн доордо күчтүү диктатура бар эле. Муну билгенбиз. Шавкат Мираманович Мирзиёев келгенден кийин диктатураны алып таштап, мамлекет эшигин ачты. Мына, азыр чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Эгерде ал кааласа, ишин эски сис­тема боюнча улантып кетсе болор эле. Бирок ал мындай кылбады, мамлекетти ачты. Коңшулар жана алыс чет эл мамлекеттери менен достук биримдикти орнотту. Ошон үчүн да бүгүн Өзбекстанга инвестиция кирип, экономикалык өсүү болуп, элдин турмушу жаңыланып жатат. Ушул себептен да бардыгы адамдын өзүнө байланыштуу деп ойлоймун…»


6


Сөзүбүз башында кыргызстандык саясый серепчинин «.... кээ бир орундарда жогорку жетекчилер (кыргыз-өзбек) ортосундагы бири-бирини ачыктан-ачык жакшы көрбөстүк абалдары, жаңжалдуу абалдарды чыйыр тартуусуна алып келген...» деген сөздөрдү бекеринен келтиргеним жок. Чындыгында абал ушундай эле. Саясый элиталар ортосундагы суукчулук себеп эки коңшу мамлекет ортосунда бир канча жылдар дипломатиялык байланыштар да үзүлүп калганы чыныгы сөз. Мисалы, Өзбекстан бир убак, тагыраак айтканда 2010 жылдан 2013 жылга чейин Кыргызстанга өз элчисин дайындабаган болсо, Кыргызстандын Ташкенттеги элчилик орду да 2010-2011 жылдарда бош болгон. Дал ушундай окуялар жана Садыр Жапаровдун жакында «Би-би-си»ге берген интервьюсундагы Өзбекстан жана анын Президенти жөнундөгү ой-пикирлери боордош элдер жана коңшу мамлекеттер арасындагы мамилелер кыска убакытта кандай өзгөрүп кеткендигин сурөттөө үчүн жакшы мисал бола алат деп ойлоймун.


Өз ордунда мени бир нерсе абдан кубандырат, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов көңүлүн курчап алган өз ара, достук, туугандык жана ага-иниликке болгон сүйүү оту бүгүн калктарыбыз, элдерибиз көңүлдөрүндө жалынга айланууда.


Эң негизгиси, мындай иштерде бардыгыбызга мамлекеттерибиз жетекчилери Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров­тор үлгү болуп келе жатышат.


Кудратилла РАФИКОВ,


саясатчы


Изоҳ қолдириш
Жўнатиш
Mақолага баҳо беринг
0/5

0

0

0

0

0

Mақолага баҳо беринг
0/5

0

0

0

0

0

Мавзуга оид

Сиёсат